Манас – кыргыз элинин баа жеткис асыл мурасы
№52 ЖББОМда 4-декабрь Манас күнүнө карата ар кандай иш чаралары өткөрүлдү.”Манас-балдардын көзү менен”аттуу сүрөт конкурсу болуп мыктылары тандалып илинди. “Манасчылар” жана “Манас эпосунун каармандары” аттуу стенд жасалгаланды. 4-декабрь күнү Манас эпосунан үзүндү окуучуларга угузуу болду. Мектеп китепканасында Манас эпосунун китептеринен көргөзмө уюштурулду. 6-к классынын окуучулары Манастын жети осуятын класстарга кирип айтып беришти. Класстык сааттар өтүлдү, Видео куттуктоо жасалды.
Комментарии