Мектеп №52 Орто жалпы билим беруучу мектеп №52

Окуу процесси

2018-2019-окуу жылына

карата Бишкек шаарындагы № 52 жалпы орто билим берүү мектебинин окуу планына

түшүндүрмө кат

      № 52 жалпы орто билим берүү мектебинин окуу планы укуктук-нормативдик документтердин негизинде иштелип чыкты:

  • Кыргыз Республикасынын Конституциясы.
  • Кыргыз Республикасынын «Билим берүү жөнүндөгү» мыйзамы.
  • Кыргыз Респуликасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 21-июлундагы «Кыргыз Республикасынын Мектептеги жалпы билим берүүсүнүн мамлекеттик билим берүү стандартын бекитүү жонүндөгү» № 403-токтому.
  • Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2018-жылдын 09-июлундагы №907/1 буйругу.
  • № 52 ЖОББМнин Уставы.

№52 жалпы орто билим берүү мектебинин окуу планы нормативдик документи болуп эсептелет, анын ичинде:

  • окуу предметтердин жана билим берүү тармактарын окутуп-үйрөтүнүн түзмү жана ирээти аныкталган;
  • 1-11-класстардын окуучулардын сабактарынын милдеттүү жүктөмү аныкталган;
  • билим берүү баскычтарынын сабактарынын милдеттүү жүктөмү аныкталган

Окуу планы төмөнкү максатта түзүлгөн:

  • Кыргыз Республикасынын аймагында бирдиктүү билим берүү мейкиндигин түзүү;
  • окуучуларга билим берүүнүн сапатын жогорулатуу жана билим берүүнүн улантмалуулугун жана тандалмалын камсыз калуу;
  • башталгыч, негизги ортонку билим берүүнүн үзгүлтүксүздүгүн камсыздандыруу;
  • адеп-ахлактык, физикалык жактан өнүккөн, өзүн-өзү өнүктүрүүгө багытталган Кыргыз Республикасында жашаган элдердин үрп адатын билүүгө умтулган чыгырмачыл инсандын калыптанышына шарт түзүү.
  • окуучуларды окутуу шартында гигиеналык талаптарды аткаруу.

Мектептин окуу планын түзүүдөгү колдонулган идеялар:

  • жалпыга сапаттуу билим алууга мүмкүнчүлүк түзүү;
  • окуучулардын жөндөмүн, кызыгуусун эске алуу менен аны өркүндөткүдөй шарт түзүү.

Мектептин окуу планын өзгөчөлүгү мектептеги жалпы билим берүү программаларынын билим баскычтары боюнча мектепте жүзөгө ашырылган максаттар жана милдеттер менен аныкталат.

0-класстар – 480 сааттык “Наристе” программасы боюнча окутулат;

1-4-класстар – башталгыч жалпы билим берүү;

5-9-класстар – негизги жалпы билим берүү;

10-11-класстар – жалпы орто билим берүү.

№ 52 ЖОББМнин окуу планы 2018-2019-окуу жылына Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим Министрлигинин 2018-жылдын 09-июлундагы №907/1 буйругунун жалпы билим берүүчү уюмдун Базистик окуу планын негизинде кабыл алынган. Базистик окуу планы Мамлекеттик билим берүү окуу стандартына ылайык  билим берүүнүн бардык баскычтарынын  окуучулары үчүн алардын физиологиялык жана психологиялык мүмкүнчүлүктөрүн,  ошондой эле окуу материалын өздөштүрүү   үчүн талап кылынган  ишмердүүлүктүн  түрлөрү жана талаптарын  эске алуу менен окуу жүктөмүнүн  төмөндөгүдөй көлөмдөгү   жылдык, жумалык, ошондой эле  чектелген көлөмүн аныктайт.

класстар1234567891011
Мамлекеттик компонент:2022242528303030302930
Мектеп компоненти:    1      
Окуу жүгүнүн жумалык чеги2022242529303030302930

 

Базистик окуу планын негизинде 2018-2019-окуу жылында 5 күндүк окуу жумасы киргизилди.

Окуу жылынын созулушу эс алуу  убакыттарын  эсепке албаганда:

1-класста – 33 жума,

2-4-класстарда – 34 жума,

5-11-класстарда экзамендик мезгилди эске алуу менен – 34 жумадан 36га чейин.

Окуучулардын оку жүктөмү билим берүү жана санитардык-эпидемиологиялык талаптарга дал келет.

Окуу планын ишке ашырууда Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим Министрлигинин сунуштаган жалпы билим берүү программалары, усулдук колдонмолор колдонулат. 5-6 класстарды окутуу жаӊы оку стандарттарына ылайык жүргүзүлөт. 5-класстарда 1 саат мектеп компонентине берилген.

Мектептик компоненттик сабактарды үйрөнүү базалык окуу сабактарын мазмунун кеӊейтүүгө багыталган, сабак үстүндө иштөөнү калыптандыруу жана билимдин кошумча мазмунунун өздөштүрүү адамдын ар түрдүү тармактардагы ишмердүүлүгүн кызыкчылыктарын канааттандырууга көмөк көрсөтөт, ошону менен бирге окуучулардын жана ата-энелердин суроолорун эсепке алышат.

Мектеп компонентин киргизүүдө чечилүүчү маселелер:

  • окуу предметтеринин мазмунун өнүктүрүү;
  • окуучуларды окуу программаларды жогорку денгээлде өздөштүрүүгө даярдоо;
  • өз алдынча билим алууга багыт берүү;
  • ар бир окуучунун жөндөмүнө карата билим берүү;
  • окуучуларды азыркы коомдо коюлган талаптарга багыттоо.

2018-2019 окуу жылында 5-класстарда мектептик компоненттерди киргизүүгө бөлүнгөн сааттарды камтыган окуу модуль эки тилдик жана математикалык сабактык тармактар (окутуу тилине карата көрсөтүлгөн).

Мектеп компонент
Билим берүү чөйрөлөрүПредметтер5-А5-Б5-В5-Г5-К
МатематикаМатематика боюнча практикум    1
ТилдикКыргыз тилинде сабаттуу сүйлөөгө, жазууга үйрөнөбүз1111 

Мектептик компонент жумалык окуу жүктөрдүн чегинде ишке ашырылат жана мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржыланат. Мектептик компоненттин курстарын Кыргыз Республикасынын билим жана илим министрлиги тарабынан көрсөтүлгөн окутуу программалары, ошону менен бирге көндүм программалары боюнча ишке ашырылат.

 

 

№ 52 ЖОББМнин директору