Калпагыңды кадырла
Мектепте 5-март «Улуттук кийимдер күнүнө» арналган «Калпагыңды кадырла» аттуу иш-чара болуп өттү.
Бул күнү окуучу балдар ак калпак кийип, жарык маанай менен майрам күндү таң атпай башташты.
Класс жетекчи мугалимдер класстык саатты “Улуттук кийимдер күнүнө” арнашып кызыктуу улуттук кийимдер чагылдырылган көрсөтмө куралдарды даярдашып, видео сабактар менен өткөрүштү. Бул класстык сааттарда ар бир класста класс жетекчилер улуттук кийимдерибиздин канчалык баалуу экендигин тастыкташып, ,окуучулар менен бирдикте кызыктуу баарлашуу болуп өттү.
Ошону менен бирдикте 9- класстар арасында пландуу « Калпагыңды кадырла» аттуу кызыктуу конкурс өткөрүлдү. Конкурска ар бир топтун окуучулары өздөрүнө улуттук баалуулуктарды даңазалаган аттар менен( 9-А класс-“Ак шумкар” ,9-Б класс “Манас “, 9-В класс “Айкөл манас урпактары”, 9-К класс “Аманат”) кыргыз элинин улуттук кийимдерин даңазалаган улуттук көйнөктөрдү, чыптамаларды,түрдүү оюм-чийимдери бар калпактарды кийип келишти. Бул конкурста улуттук кийимдерге, улуттук баалуулуктарга тиешелүү ар кандай тапшырмалар окуучулар тарабынан абдан кызыгуу менен аткарылды.Мисалы:Улуттук кийимдерди,анын ичинен «Ак калпакты» кадырлаган,барктаган ар түрдүү ырлар ырдалып, калпак жөнүндө ырлар айтылды.Ошону менен бирге ак калпак кийген эр жигиттерибизди да даңазалаган ырлар айтылып,музыкалык чыгармалар аткарылды.
Андан башка тапшырмаларга кирген, макалдарды улоо, жаңылмач айтышуу, кыргыз улутуна тиешелүу суроолорго жооп берүү сыяктуу тапшырмалар аткарылды.
Конкурста маанилүү ролду ойногон «Аркан тартыш « оюну уюштурулуп,ар бир командадан үчтөн окуучу чыгып, аркан тартышып өз күчтөрүн сынашты.
Күйөрмандар тапшырмасы боюнча ар бир топтон күйөрмандар чыгышып, музыкалык чыгармалардан аткарып беришти.
Жыйынтыгында ар бир топтун, мыкты жана жакшы даярдыктарын эске алып калыстар тобу калыстык менен 1- орунду 9- В классына , 2- орунду 9-А классына, ал эми 3-орунду 9-К жана 9-Б класстарына ыйгарышты.
Комментарии