Тил – достуктун ачкычы
Бишкек шаарынын #52 ЖОББ мектебинде 21-февраль “Эл аралык эне тили күнүнө” карата 8-класстар арасында иш чара өткөрүлдү. 8-Б класс уйгур улутун, 8-в класс өзбек улутун, 8-г класс кыргыз улутун, ал эми 8-к класс казак улутун жакташты. Ар бир класс жактаган мамлекети боюнча дубал гезит даярдашты. Ал эми мектептин жыйындар залында алар ар бир мамлекетке тиешелүү тилде саламдашып, алардын улуттук кийимдерин көрсөтүштү. Ошондой эле ошол тилде бирден музыкалык номер аткарышты. Класстарды даярдаган класс жетекчилер Зулпукарова Г.К.,Марлисова А.М.,Айдаралиева Б.А.,Назарбекова Г.Б. Жыйынтыгында 1-орун 8-к, 2-орун 8-б,3-орун 8-г класстар ээ болушуп мактоо грамоталары менен сыйланышты. 8-в класска жигердүү катышкандыгы үчүн мактоо грамотасы тапшырылды.
Комментарии