Ырдайлы кыргыз ырларын
15- февралда Свердлов районундагы 52- орто мектебинде 21-февраль Эл аралык эне тил күнүнө карата “ Ырдайлы кыргыз ырларын” кароо -сынагынын райондук туру өткөрүлдү . Жалпы Свердлов районунан 11 мектеп катышып, кыргыз тилинде мыкты обондуу ырларды ырдаган башка улуттун окуучулары катышышты.
Сынактын максаты:
1.Кыргыз тилинде ырдаган башка улуттардын өкүлдөрүнөн турган таланттуу окуучулардын сахнада тушоосун кесүү.
2. Мамлекеттик тилди өнүктүрүү. Кыргызстандан жашаган ар улуттун элдерин достукка , эне тилдерин сүйүүгө чакыруу.
Калыстар тобунда Балдар чыгармачылык борборунан Руслан Исаков , Өмүркул уулу Илгиз , СРБББнун мамлекеттик тил боюнча жетектөөчү адиси Э. Абдыкасымова болду.
Комментарии