Мамлекеттик ишмер Абсамат Масалиевдин 90 жылдыгына карата өткөрүлгөн иш – чара
А. Масалиевдин 90 жылдык маарекесине карата жана тарых сабагы боюнча акыл таймаш болуп өттү. Акыл таймашка 5-9 класстар катышып, ар бир класстан бирден окуучу бир команданы түзүштү.
Жалпы 4 команда түзүлдү:
1. Манас командасы;
2. Жаш канат командасы;
3. Эр каганат командасы;
4. Ынтымак командасы.
Акыл таймаштын жүрүшүндө балдар А.Масалиевдин өмүрү жана ишмердиги менен таанышышты, андан сырткары тарых сабагы боюнча алган билимдерин бышыкташты! Тарых сабагы боюнча алдын ала дайындалып келинген тиркемелер таратып берилди (тест, кроссворд, викториналык суроолор).
Ошондой эле ар бир команда өз таланттарын, өнөрлөрүн көргөзүштү.
Акыл таймаштын жыйынтыгында төмөнкүдөй ийгиликтерге жетишишти жана ардак грамоталар менен сыйланышты:
| орун – “Манас” командасы
|| орун – “Ынтымак” командасы
||| орун – “Жаш канат” командасы
Комментарии