“Сабаттуу бол” акциясы
Бишкек мэриясына караштуу Свердлов районунун Билим берүү мектептеринин 30га жакын жаш адистери мамлекеттик тилдин 34 жылдыгына карата 52-орто мектебинде жат жазуу жазышты.
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана «Мамлекеттик органдарда мамлекеттик тилдин колдонулушу жана абалы жөнүндө» КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги №15 протоколдук тапшырмасынын, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 34 жылдыгына карата Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Э.Ж.Байсалов тарабынан бекитилген мамлекеттик тилдин бир айлыгы боюнча иш-чаралардын алкагында жаш мугалимдерге “Сабаттуу бол” акциясы уюштурулду.
Максаты:
– жарандарга мамлекеттик тилде сабаттуу жана сапаттуу кызмат көрсөтүү үчүн кызматкерлердин тил сабаттуулугун жогорулатуу;
– мамлекеттин негизги символу, улуттун нукура касиети катары кыргыз тилинин кадыр-баркын өстүрүү;
кыргыз тилинин мамлекеттик тил катары толук кандуу иштөөсүнө шарттарды түзүү, коомдогу ордун бекемдөө, кыргыз тилинин коомдун бардык тармактарында колдонуу чөйрөсүн кеңейтүү;
– кыргыз тилине карата кызыгууну арттыруу.
Комментарии